7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылкы союлуп, куран окутулган. Президенттин жарлыгын депутат аткарбадыбы?

7165

Май айынын башында Кара-Кулжа районунда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова ата-энесине куран окутуп, чоң той берип, көк-бөрү оюнун уюштурган. Бирок бул көрүнүш президенттин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына каршы келерин тургундар билдиришет.

Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну, аты жөнүн ачык атагысы келбеген жаран 7-каналдын редакциясына кайрылган. Анда май айынын башында Алайкуу өрөөнүндө белгилүү саясатчы чоң той берип, ата-энесине куран окутканын айтат. Шаан-шөөкөт менен ири жандык союп өткөрүүгө тыюу бар экендигине карабай уюштурулган жөрөлгө тургундар арасында кайчы пикирге жем таштады.

«Биз жакында эле жылкы союп, тууганыбыздын жылдык ашын өткөргөнбүз. Айыл өкмөттөн бизге мындай кылууга болбойт деп айып пул салган. Биз аны туура түшүндүк. Бирок кечээ жакында Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова ата-энесине куран окутуп, жылкы союп уюштурган салтанатына эч ким чара көргөн жок. Тескерисинче айыл өкмөт баш болуп, чоңдордун баары барып аш жеп келишти. Президенттин мыйзамы бизге окшогон карпайым адамдарга гана иштейби? Эмнеге аларга чара көрүлбөйт».

Буга чейин интернет булактарында 30-апрель жана 1-май күндөрү Чолпон Султанбекова райондун Кайың-Талаа айылында ата-энесинин элесине арналган көк-бөрү оюнун өткөрөт деген чакыруу жарыяланган. Интернеттеги фейсбук баракчасынан алынган маалыматтарга ылайык Султанбекова Алайкуу өрөөнүндө эки күн катары менен чоң той өткөргөн.

Фейсбук колдонуучусу Азат Шерматов буларды жазган: «Урматтуу алайкуулук туугандар, эки күндөн бери Кайың-Талаа айылында чон көк бөрү оюну болуп өттү. Бул оюнду Жогорку Кеңештин депутаты, Султанбекова Чолпон эжебиз уюштуруп берди. Атайын аянтка 11 боз үй тигилип, Ош шаарынын атайын ашпозчу жалдап келип, 120 кг аш демдетип, жылкы союлуп, келген элге сый тамак берилип, жана концерт кошо тартууланды. Чолпон эжебиз теги түбү Кайың-Талаа айылынан болот. Ата-энесине куран окутуп, айылдаштары менен амандашып, алайкуулуктарга эки күн майрам уюштуруп бергенин өздүк булактар билдиришти».

Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын февраль айында кол койгон “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз алдынча жобо иштеп чыккан. Анда маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга тыюу салуу каралган. Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айыл өкмөтү да өлкө башчысынын жарлыгынын негизинде айылдык кеңеш менен бирдикте жобо иштеп чыкан.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Бактыбек Абдилазиз уулу буларга токтолду: «Биздин айыл аймакта маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү жана башка жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө чектөөлөр бар. Мисалы жогорудагы иш-чараларга бир койдон ашык жандык союлбасын деген тыюу салганбыз. Бул багытта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз, аны аткарбагандарга айып пул салынат. Ал эми жакында өткөн Ч.Султанбекова уюштурган иш-чара буга кирбейт. Ал жерде ата-энесине куран окутуу эмес, 5-май конституция күнүнө карата көк-бөрү оюнун уюштурабыз деп бизге оозеки билдирүү берген. Ал башка максатта уюштурулганы боюнча менин кабарым жок экен»— деди.

Анткен менен Кайың-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Абдилазиз уулу маркумду эскерүү иш чарасына катышып, Чолпон Султанбекованын колунан Жогорку Кеңештин ыраазычылык катын алганын видео-тасмалардан көрүүгө болот. Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш-чараларды өткөрүүнү көзөмөлдөө жоопкерчилигин алышкан. Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев өз аймагында өткөн чоң салтанаттан кабары жоктугун айтат.

Ал эми райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Бакай Байымбетов бул иштерге айыл өкмөт башчысы жооптуу деп эсептейт. «Райондук бийлик куран окутуу иш чарасына аралашкан жокбуз. Бизге бул боюнча маалымат да берилген эмес. Көк-бөрү боюнча мелдеш гана уюштурулат деген. Ал жерде райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери барып кызмат көрсөтүшкөн. Район акими, башка жетекчилер да катышкан эмес. Анын уюштуруу иштерин, тыюу салуу аракеттерин айыл өкмөт карашы керек. Бул багытта биз эч нерсе деп айта албайбыз».

Чолпон Султанбекова 2021-жылы “Ишеним” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы. Султанбекованын өзү менен байланышып, төмөнкүчө жооп алдык.

«Биз туугандар чогулуп, чоң ата, чоң апа, ата-апаларыбыздын баарына куран окуттук. Ал жерде бардык туугандар чогулуп жатса мен барбай коймок белем. Ата-энелерге куран окуу бул биздин салтыбыз. Элден барып сурагыла, бизде эч кандай ысырап болгон жок. Ооба, Көк-Бөрүнү өткөрдүк, мен спортчуларды ар дайым колдоп келем. Бирок, ал жерде унаа коюлуп чоң сыйлыктар берилген жок. Биринчиден, президенттин жарлыгына каршы иш кылбайм. Экинчиден, ал жерде эч кандай каршы иш болгон жок. Эгер кайрылып жаткан тургундар ушундай маселе коюп жатса, айып пулун деле төлөп коёбуз»— дейт депутат айым.

Президенттин жарлыгында Жогорку Кеңештин депутаттарына, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган башка иш-чараларды ири акчалай каражатты сарптабастан, көп сандаган малды сойбостон жана башка ысырапкерчиликке жол бербестен өткөрүү, жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди сактоодо жарандарга үлгү болуу сунушталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7166