Бишкек шаарынын Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо биринчиликти алган талапкер Дамира Ниязалиеванын офисинде тинтүү жүрдү.
Маалыматтарга караганда кеңсенин эшигин жаап, мөөр басып кетишкен.
Социалдык тармактарда талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу боюнча сүйлөшүүсү интернетке тараган. Ал эми өзү бул боюнча журналисттерге комментарий бере элек.