30-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат.
Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы
- Чүй облусунда +25…+30°,
- Талас облусунда +24…+29°,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+30°,
- Ысык-Көл ойдуңунда +19…+24°,
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +19…+24°, тоолуу райондордо +5…+10,
- Ал эми Бишкек шаарында +28…+30,
- Ош шаарында +31…+33 жылуу болушу күтүлөт.