7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
19°C

Садыр Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

306

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келген Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы саясий диалогду мындан ары бекемдөөгө чоң маани берерин белгилеп, Малайзия Кыргызстандын Түштүк-Чыгыш Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин эске алып, анын деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирип, өлкөдө түзүлгөн чет элдик инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды белгиледи. Тактап айтканда, ал энергетика, туризм, айыл чарба жана маалыматтык технологиялар тармактарындагы эки тараптуу потенциалды белгиледи. Учурдан пайдаланып, мамлекет башчысы Малайзиянын Султаны Абдулла Ахмад Шахты жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Малайзиянын премьер-министринин атынан саламын айтты.

Ал өз өлкөсүнүн жетекчилигинин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты кеңири чөйрөдө, анын ичинде соода, инвестиция, билим берүү жана туризм жаатында кеңейтүүгө жана бекемдөөгө умтулгандыгын баса белгиледи. Замбри Абдул Кадир мамлекет башчысы менен болгон бүгүнкү жолугушуу жана анын расмий сапары Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин бекемделишине жана өсүшүнө түрткү берерин канааттануу менен белгиледи. Тараптар эки жактан тең мамилелерди тереңдетүү үчүн зарыл болгон бардык инструменттерди эске алуу менен өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө эки тараптуу даярдыгын белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

307