Бишкекте жайгашкан кафелердин биринде самсаны аралап жүргөн келемиш тартылган видео соц.тармактарга тараган. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору аталган видео боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Рахат Лукум» кафеси тамак-аштын үстүндө келемиш жүргөнү жана санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жабылды. «Коомдук саламаттыкты сактоо тууралуу» мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору калктын тамак-ашы жана азык-түлүгүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу. Мыйзам бузуу тууралуу маалымат тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет», — деп берилет билдирүүдө.