7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
13°C

Ошто жаш жубайлар 1 айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз

411

Руслан Касымов жана келинчеги Акмөөр Орунбаев дайынсыз болуп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы издөө салды. Алар 6-июнь күнү Ош шаарындагы Бий-Ордо мейманканасынан чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып барган эмес.

Руслан Касымовдун өзгөчө белгилери:

Бою 160-165 сантиметр, арык, ак жүздүү, моюн тарабында калы бар, оң же сол колунун алаканынын үстүндө тырыгы бар, сол колунун чыканак бөлүгүндө үстүндө колу сынгандан калган тырыгы бар.

Кийген кийимдери: үстүнө кара түстөгү спорттук кийим менен бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.

Акмөөр Орунбаеванын өзгөчө белгилери:

Бою 155-160 сантиметр, арык, ак жүздүү, кашы көзү кара, жоолук оронуп жүрөт.

Кийген кийимдери: Белгисиз.

Жогоруда аты аталган жарандарды көргөн билгендер болсо Ак-Буура милиция бөлүмүнө же болбосо төмөндөгү телефон номурларга билдирип коюшуңуздарды суранабыз. Номурлар: (+996) 559-199-090, (+996) 551-621-041, (03222) 6-64-02

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

412