Велосипед менен ажылык сапарга кеткен жаран кайтып келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Ош шаарынын тургуну, 1995-жылы туулган Эрмахаммат Тожимахаммат 4-майда велосипед менен ажылык сапарга аттанган. Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди.
Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.