Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери 98 жаштагы Асек Урманбетовдон кабар алып, 9-май майрамы менен куттуктады.
«Биз жеңүүчүлөрдүн алдында төлөп бүткүс карыздарбыз, сиздердин эрдигиңиздер биздин жүрөгүбүздө жана Кыргызстандын тарыхында өмүр бою сакталып кала берет. Сиз азыркы жана кийинки муунга да үлгү болгон адамсыз«-деген төрага Жогорку Кеңештин атынан атайын сыйлык тапшырды.
Өз кезегинде ардагер куттуктоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, бардык кыргызстандыктарды биримдикте болуп өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты коргоого чакырды.
Асек Урманбетов 98 жашына карабастан, кары-картаңдарга, майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине жардам берүү, китеп, роман жана поэма жазуу боюнча «Ак Жол» коомдук фондусун жетектейт.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, 1943-жылы май айында 735-жөө аскерлер полкуна кошулуп, мылтыктар взводунун командири болуп дайындалган. Согуштук тапшырмаларды аткарганы, айылдарды жана шаарларды фашисттик баскынчылардан бошоткону үчүн Урманбетов Ата Мекендик согуш жана «Кызыл Жылдыз» ордендери менен сыйланган.