7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык негизделип, баш бейгеси 100миң сомдук сынак жарыяланды

643

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык негизделип, жаш авторлор арасында адабий чыгармаларга сынай жарыялады. Сыйлыктын жеңүүчүсүнө Зайырбек Ажыматов атындагы төш белги, диплом жана 100 миң сом менен сыйланат.

Демилге “РухЭш” сайты жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду тарабынан негизделген. Жыл сайын З.Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир гана акынга ыйгарылат.

Шарты жана талабы:

  • Жаш авторлор ырлары, поэмалары менен катыша алышат (25-30 беттен ашпаган 12-тамгалары менен);
  • Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болууга тийиш (соцтармактарда, сайттарда, гезиттерде мурда жарыяланган чыгармасын жөнөткөн авторлордун талапкерлиги дароо четтетилет);
  • Кабыл алуу комиссиясы – “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобу. Бул топтун мүчөлөрү көркөм талапка жооп берет деген гана авторлордун тандалма ырлар топтомуна өздөрүнүн рецензияларын беришет. Рецензияланган чыгармалар “РухЭш” сайтына жарыяланып (купуялык үчүн ар бир автордун чыгармалары номур менен белгиленет) З.Ажыматов атындагы адабий сыйлыкка көрсөтүлөт.
  • “Казына” адабий эксперттер тобунун ачык добуш берүүсү менен эң жогорку упайга татыган автор Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты деп табылат;
  • Бул Жобо жарыяланган күндөн тартып сыйлыкка талапкерлердин чыгармалары кабыл алына баштайт.

Кабыл алуу комиссиясынын электрондук дареги: kyrgyzkazyna@gmail.com

Эскертүү: талапкер авторлор kyrgyzkazyna@gmail.com дарегине чыгармалары менен бирге паспортунун көчүрмөсүн жөнөтүүгө тийиш.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644