«Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» деген аталыштагы жаңы китеп басылып чыкты. Анын автору президент Садыр Жапаров.
Китепти жазууда дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы учурдагы кырдаал эске алынган. 4 бөлүм 136 барактан турган жаңы эмгектин нускасы 41 000 даана экени көрсөтүлгөн.
Президент баш сөзүндө багыттаманын кыска жолун сунуштоону тандап алганын айткан. Анткени, «дүйнө бардык жагынан ыкчам өзгөрүп жатат»- деген автор.
«Урматтуу замандаштар! Алдыдагы жаңылануу жолунда аткара турган иштер арбын экенин баарыбыз түшүнөлү. Биз биргеликте, ынтымак, биримдик менен бир максатты көздөп кадам таштасак гана кубаттуу Кыргыз мамлекетин курабыз»,- деген Садыр Жапаров.
Коомдук саясий басылманын редактору- Ж.Кадыров, корректору— С.Кыдырмаева, калыпка салган — М.Шырдаков.