7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө милиционерлер 17 жашар кыздын өмүрүн сактап калышты

754

Ысык-Көлдө милиционерлер чөгүп бара жаткан 17 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 31-июль күнү болжол менен  кечки 18:15до  Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Кекилик”  пансионатындагы көлдүн жээгинде болгон.

Милициянын старшинасы Нурланбек уулу Жеңиш жана милициянын кенже сержанты Айнабек Курманбеков  жардам сурап жаткан кыйкырыкты угуп,көлгө чөгүп жаткан жаранды көздөй чуркашып, тез аранын ичинде аман-эсен куткарып калышкан.

Куткарылган жаран Бишкектин жараны болгон. Эс алууга келген кыз аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп, жаан жаагандыгына байланыштуу суудан чыга албай чөгө баштаган. Ал милиция кызматкерлерине өмүрүн сактап калгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755