7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

200дөн ашуун кыргызстандык спортчулар Минскте өтчү II КМШ оюндарына катышат

556

Минск шаарындагы өтчү II КМШ оюндарына кыргызстандык 200дөн ашуун спортчу катышат.  Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндардын салтанаттуу ачылышы 5-август күнү Минсктин көп тармактуу “Минск-Арена” маданий-спорт комплексинде өтөт.

Иш-чара 14-августка чейин уланып, 24 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышат.

Жалпы оюндар спорттун 21 түрүнөн өтүп, 1 миң 672 комплект медаль ойнотулат. КМШ оюндарына Кыргызстандын курама командасы 17 спорттун түрүнөн катышат.

Спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча мелдештер өтөт: баскетбол 3*3, бокс, кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, гандбол, көркөм гимнастика, грек-рим күрөшү, каратэ-до, жеңил атлетика, мини футбол, сууда сүзүү, самбо, заманбап спорттун беш түрү, жаа атуу, тайбокс, ок атуу, оор атлетика, дзюдо, волейбол, кум үстундөгү волейбол, кум үстүндөгү футбол, чөп үстүндөгү хоккей.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557