Бүгүн, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде май айында сууга чөгүп бара жаткан 2 өспөрүмдүн өмүрүн сактап калган Даниил Дрыгого сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн медалы тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Эске салсак, 2023-жылдын 22-май күнү, ал Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан болжол менен 10-11 жаштардагы эки өспүрүмдү куткарып калган. Бүгүн Даниилдин эр жүрөктүүлүк менен жасаган эрдиги бааланып, министрликтин жогорку мактоосуна татыды.