7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол кире 20-22 сомго кымбаттайбы?

696

Бишкекте коомдук транспорттун баасын көтөрүү боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов АКИpress маалымат агенттигине маалымат берди.

«Бир жүргүнчүнүн бир жолку жол киресинин өздүк баасы 18 сом 70 тыйын. Троллейбус менен автобустардын жол киреси азыр 11 сом. Ошондуктан, өзүн актоо үчүн жок дегенде 18,7 сом болушу керек. Эгерде, 11 сом менен калтырсак, 2-3 жылдан кийин кайра өзүн актабаган эски автопарк, эски бузулган автобустар болот. Кандай гана бизнес болбосун кирешелүү болушу керек. Автопаркты жаңыртуу үчүн кеминде 5-10 пайыз рентабелдүүлүк болушу керек», — деди ал.

Анын айтымында, бул бир гана автобус менен троллейбустарга эле эмес, кичи автобустарга да тиешелүү. 1300 автобус шаарга алып келингенде акыркы кичи автобус шаардан чыгарылат деп кошумчалады.

«19 сом деп сунушталган, бирок ал күйүүчү май 60 сом кезинде болчу. Азыр майдын баасы 65-70 сом болду. Буга байланыштуу учурда каралып жаткан вариант 20-22 сом. Эсептеп чыгуу керек… Шаарда коомдук транспорт саат таңкы 5тен кечки 12ге чейин жүргөндөй кылуу керек»,— деди Сазыкулов.

Ошондой эле, ал пенсионерлерге каралган жеңилдиктер ошол бойдон калуу керектигин белгилеп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

697