7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгизаттарды онлайн сатуу менен алектенген 37 жаштагы жаран кармалды

434

Баңгизаттарды онлайн сатуу менен алектенген 37 жаштагы борбор калаабыздын туругуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышкер баңгизаттарды сатууну, товардын аталышы, анын салмагы жана баасы тууралуу маалымат жайгашкан онлайн-интернет дүкөнүнүн жардамы менен ишке ашырып келген. Ал баңги каражаттарды, алардын таңгактарын мыйзамсыз сактоону жана аларды андан ары короодогу аймактарда атайын жабдууларга, жашыруун жайларга, таштанды контейнерлерине жана урналарга жайгаштырууну, ошондой эле акча каражаттарынын келип түшүүсүнө көзөмөлдү ишке ашырып келген.


Андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам тергөө жана тинтүү жүргүзүү иш-чараларынын натыйжасында жарандын жашаган жери боюнча, төмөнкүлөр табылып алынган:
— гроубокс, үй шартында өстүрүлүүчү кара куурайды өстүрүү үчүн толук жабдылдан, стакан кара куурай өзгөчө жыттанган өсүмдүк заты менен, бульбулятор, бир нече майдалагыч (баңги каражаттарды майдалоо үчүн). Мындан тышкары компьютер, планшет, ноутбук, кымбат баалуу уюлдук телефондор, рация жана башка буюмдар.
Аныкталган маалыматтарга ылайык конспирациялоо максатында өзүнүн кылмыштарынын издерин, кылмыш ишмердүүлүгүн жана мыйзамсыз аракеттерин улантуу үчүн жаңы аккаунттарын түзүү менен, дайыма изин жашырып келген.
Акча каражаттары электрондук капчык аркылуу жана банк карточкаларына келип түшүп жаткан. Соодадан түшкөн акчалар өздүк максаттарда колдонулган. Сатуучу жолугушуудан качып, сатып алуучу менен интернет аркылуу, жолугушуусуз байланышышкан.


«Баңгизаттарга каршы күрөшүүчүлөр Бишкек шаарынын аймагынан 10 жашыруун жай, даяр товарлар менен табышкан. Жазык иштери боюнча соттук-химиялык, программалык-техникалык, техникалык-криминалистикалык экспертизалар өткөрүлүүдө. Аталган кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

435