7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто боор алмаштыруу боюнча операцияларды жасоо пландалууда

658

ОшМУнун клиникаларында боор алмаштыруу боюнча операцияларды жасоо пландалууда. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ОшМУнун медициналык  клиникасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы профессор, врач-хирург, онколог  Жанек Белеков баштаган окуу жайдын клиникасынын жана Эл аралык медицина факультетинин окутуучуларынан жана медициналык кызматкерлеринен турган 10 адис Туркиядагы Инену университетинин Тургут Озал атындагы клиникасында боор алмаштыруу боюнча атайын окутуудан өтүп жатышат. Алар дүйнөдөгү боор алмаштыруу боюнча  белгилүү дарыгер, профессор Сезай Йылмаз баштаган дарыгерлер менен тажрыйба алмашууда.

“Клиника дүйнөдөгү акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар, технологиялар менен жабдылган. 1800 орунга ылайыкташкан боорду алмаштыруу боюнча заманбап клиникада учурда биздин хирургдарыбыз иштеп, окуп жатышат. Түрк профессорлору биздин дарыгерлерге болушунча өз билимдерин ачык айтып, тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк беришүүдө”, -деди ОшМУнун медициналык клиникасынын директору Жазгул Иметова.

Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде ишке ашып жаткан долбоор боюнча дарыгерлер 3 ай билимин өркүндөтүшөт.

Дарыгерлердин билим берүү сапары КР президенти, Саламаттыкты сактоо министрлиги, ОшМУнун жетекчилигинин колдоосу менен уюштурулууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659