7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 2023-2027-жылдар мезгили Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды

710

Президент Садыр Жапаров “2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган № A/RES/77/172 “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясы менен менен жарыяланган 2023-2027-жылдары Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

  1. Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдар мезгили Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды

2. Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.

3. Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине бир айлык мөөнөттө Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картанын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

711