7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Интимдик сүрөттөрдү жарыялайм деп жылдар бою акча алып жүргөн адам кармалды

542

17-сентябрь күнү милицияга арыз менен Базар-Коргон районунун жашоочусу (аял киши) кайрылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ал арызында акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

«Шектүү жаран “интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам” деп коркутуу менен тынымсыз түрдө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген. Буга чейин ал 2021-жылдан бери шантаж жолу менен арыздануучудан 200 миң сом алган. 19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун аймагынан жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын накталай алып кетип бара жаткан жеринен шектүү кармалган. Шектүү өзүнүн “Хонда-Фит”  үлгүсүндөгү  унаасы менен кетип жаткан. Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган М.У. болуп чыкты»,- деп берилет маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

543