Сокулукта бети-башы кескиленген келинге 8 сааттай операция жасалды. Бул тууралуу 7-каналга Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Малыматка караганда, учурда анын абалы орточо оор. Дарыгерлер кесилген органдар кайра калыбына келеби-келбейби айтыша элек. Келин жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, медиктердин көзөмөлүндө.
Эскерте кетсек, ооруканага бычакталган 36 жаштагы аял оор абалда түшкөн. Селекция айылында аялын бычактоого шектелип 39 жаштагы жаран кармалган.