7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган

1248

Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Окуя тууралуу билдирүү бүгүн Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө түшкөн. Бычактан 36 жаштагы Н.А. аттуу келин оор абалда ооруканага түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине («Денеге оор залал келтирүү») ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул кылышка шектүү делип 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Айрым ЖМКлардын маалыматына таянсак, шектүү аялынын бети башын кескилеп, таң атканча кыйнаган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1249