7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун башчылары жолукту

673

Бүгүн, 20-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча КМШ конференциясынын алкагында, УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев төрагалыгы астында Кыргызстандын менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун башчылары генерал-майор Шаршеев менен генерал-майор Хусановдун ортосунда тар чөйрөдө өзүнчө жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар биргелешкен чек араны коргоо, делимитация жана демаркация маселелери боюнча бир катар актуалдуу темаларды талкуулашты.

Эки мамлекеттин чек ара ведомстволорунун башчылары чек ара аймагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү жана ар кандай иш-чараларды анын ичинде маданий жана спорттук иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүүнү макулдашты.

Тараптар чек арачылардын чек арадагы жүрүм-турум линиясынын талаптарын так сактоо менен чек арада келип чыккан бардык маселелер жана сүйлөшүүлөр биргелешкен дипломатиялык жол аркылуу чечүүнү макулдашууга жетишти.

Сүйлөшүүлөр достук кырдаалда жана өз ара түшүнүшүү духунда болуп өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

674