Бүгүн, 20-сентябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган.
Жерине ӨКМден 50 куткаруучу, 7 техника тартылган. Мындан сырткары ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылды.