Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде биринчи орунга жайгашты. Бул тууралуу UWW расмий сайтында жарыяланды.
Белгилей кетсек, Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынып, Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болду.
Балбан кыз 2024-жылдын жайында Парижде өтчү Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.