7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова: 4 жылдан кийин дагы бир жолу тарых жаратып жатабыз (ВИДЕО)

316

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн 3 жолку Азиянын 5 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова жеңиштен кийин эмоциясы менен бөлүштү.

“Жалпы командабыз менен алтынга максат коюп келгенбиз. Анткени Дүйнө чемпионаты Олимпиада оюндар алдындагы мелдеш абдан жогорку денгээлде өтөт. 4 жыл мурун биринчи жолу тарых жаратып, биринчи жолу алтын байгеге ээ болгом. 4 жылдан кийин, дагы тарых жаратып жатабыз. Бул медаль жеке меники эле эмес, мунун аркасында канча деген эмгек бар. Учурда сүйүнүчүмдө чек жок. Тарых жазып мен себепкер болгонума абдан ыраазымын. Жалпы күйөрмандарыма, кыргызстандыктарга, биздин өлкө башчыга, Федерация башчысына, мүчөлөрүнө, дарыгерлерибизге терең ыраазычылык билдирем. Тилектердин, колдоолордун аркасында алтын медаль жаратып жатабыз. Рахмат!», — деди балбан кыз.

Белгилей кетсек, Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты. Аталган беттеште Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык балбандарды артта калтырып, финалга өткөн. Финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, алтын медалга татыды.

Аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Тыныбекова Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

317