7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жетти

770

Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу 7-каналга Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүн эртең менен кайрылгандардын жалпы саны 71 адам болуп, алардын 36сы ооруканага жаткырылган. Алардын 31 чоңдор, алтоосу 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар.

«Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бүгүн абалы жакшыргандардын үйдөн дарыланууга жөнөтүлөт»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Беш лаваш” жана “Мидос” тез тамактануучу жайларындан шаурма жегендер жапырт ууланышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

771