Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу 7-каналга Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Бүгүн эртең менен кайрылгандардын жалпы саны 71 адам болуп, алардын 36сы ооруканага жаткырылган. Алардын 31 чоңдор, алтоосу 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар.
«Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бүгүн абалы жакшыргандардын үйдөн дарыланууга жөнөтүлөт»,- деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Беш лаваш” жана “Мидос” тез тамактануучу жайларындан шаурма жегендер жапырт ууланышкан.