7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Театрларда жылаңач көрсөтүүлөр болуп жатат. Кайда баратабыз?

596

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев театрда коюлган спекталге нааразы болду. Ал тиешелүү министрликтен спектаклдердин репертуарларын көзөмөлгө алууну суранды.

«Театрларыбызда жылаңач көрсөтүүлөр да болуп жатат. Кайда баратабыз? Ыйман, адеп-ахлак, тарбия маселесинде мааниси жок көрүнүш болуп жатат. Уят да! Элдин 80% ашыгы мусулмандар. Ошолорду көзгө илбей, жапайычылыкты көрсөтүп жатканы ыплас иш болду», — деди Нурбаев.

Эске сала кетсек, 28-сентябрда К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театры Бишкекке болгон чыгармачылык сапарынын алкагында КР эл жазуучусу Султан Раевдин повестинин негизинде, Уланмырза Карыпбаев режиссерлук кылган «Күн кармаган бала» спектаклин тартуулашкан.

Анда жылаңач жуунуп жаткан баланын көрүнүшү талкуу жараткан. Социалдык тармактын колдонуучулар эки жаат болуп, бири уят десе, экинчиси искусство деген тартыш жаралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597