7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медициналык жабдыктар эми Кыргызстанда чыгарылып жатат

640

Мурда чет өлкөдөн алынган медициналык жабдыктар – эми Кыргызстанда чыгарылып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, “Медимпэкс” ишканасы суткасына 300 миң даана бир колдонуучу медициналык шприцтерин чыгарууда. Аталган ишкананы колдоого президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык ӨКМдин алдындагы материалдык резервдер фонду аркылуу 30 миллион сом акча каражатын бөлүп берген.

Россиялык Росздравнадзор мекемеси Кыргызстанда чыгарылган шприцти Франциядагы өндүрүлгөн шприцтердин сапаты менен тең баалап, ата мекендик өндүрүш учурда Кыргызстандын ооруканаларынан тышкары, Россияга экспорт болуу алдында турат. Аталган ишканага 100% кыргызстандык акционерлер ээлик кылып, суткасына 300 миң даана ар кандай калибрдеги шприцтерди чыгарат. Мындан тышкары стрилизденген медициналык халаттарды, шейшептерди, чепчиктерди жана бахилаларды өндүрөт. Бул муктаждыктар мурда чет өлкөдөн сатылып алынчу. Учурда өндүрүлгөн жабдуулар Кыргызстандагы ооруканаларды камсыздап жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

641