7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

15 млн сомдук товар. Дагы бир мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлду

422

Өзбекстандан Кыргызстанга 28 тонна жезди мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүнү алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Ош шаарында Ю.И.И. аттуу жарандын башкаруусундагы жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда жалпы салмагы 28 035 кг түзгөн «Ozbekiston» деп маркировкаланып, желим баштыктарга салынган жез сыныктары табылган. Товарлар Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына аз партия менен алынып келинген. Товар коштоочу документтери жок жүк Жалал-Абад облусунун аймагында жүктөлүп, Ош шаарына бара жаткан. Кырдаалдар такталганга чейин жүк салынган унаа убактылуу сактоочу кампага жеткирилген. Баалоочу компаниянын маалыматы боюнча 1 кг жез сыныгы 545 сом, товардын жалпы баасы 15 млн 279 миң 75 сомду түздү.

Бажы мыйзамдарын бузуу белгилери бар болгондуктан, бул факт каттоого алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423