Камчыбек Ташиев өлкө мыйзамына каршы чыккандар катуу жазаланарын эскертти.
«Кечээки окуяны, кримчөйрө башын көтөрүп, УКМКнын жүргүзүп жаткан атайын операциясына каршы чыгып, ок атып, кол көтөргөн маалыматты жакшы билесиздер. Ошол себептен мамлекетти ушул убакка чейин ар түрдүү маселелер менен кармап жүргөн «мыйзамдагы ууру» жок кылынды. Мындан ары да ошондой болот. Бир криминал башын көтөрө турган болсо, башын кыя чабабыз! Мамлекеттин мыйзамына каршы өздөрүнүн мыйзам, тартип, схемасын ойлоп тапкан топторго катуу чара көрүлөт!» — деди Ташиев.
Ал президент Садыр Жапаров башында турган саясий команданын өлкөдө мыйзамдуу тартип орнотууга саясий эрки жетерин белгилеген.
Бүгүн, 5-октябрда капиталдык оңдоодон кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Жаңы имарат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан салтанаттуу ачылды. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери катышты. Жаңы имарат кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.