7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия оюндарында Кыргызстандын каратечилери эки медаль утту

527

Кытайда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарынан Кыргызстан дагы эки медаль утту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, карате-до боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Шадыканов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күмүш медаль тагынды.

Аталган мелдеште кыргыз спортчусу 84 кг жогоркулар арасында беттешип, алгач непалдык спортчуну 5:1 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалда сауд аравиялык атаандашын утуп, финалга чыккан.

Чечүүчү беттеште Олимпиада чемпиону ирандык Саджад Ганжзадеге 4:2 эсебинде жеңилип, 2-орунду ээледи.

Ал эми, кыздар арасында Кымбат Тойтонова да каратэ боюнча таймашта коло медаль тагынды. Коло байге үчүн беттеште камбоджалык атаандашын жеңип чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

528