Жалал-Абад облусунда чет элдик компаниялар тарабынан мунай өндүрүүдө одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда нефтини иштетүүдө жана өндүрүүдө ченемдерди жана талаптарды көп санда бузгандыгы боюнча кылмыш иши козголду.
Маалым болгондой, «С.Д.» жана «В.Г.» компаниясы өлкөнүн түштүгүндө мунай чийки затын чалгындоо жана андан ары өндүрүү боюнча өз ишин Кыргызстандын аймагында жүзөгө ашырат.
Бирок, чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрү мунай чалгындоо жана иштетүүгө тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп, КРнын мыйзамдарын бузуу менен ири көлөмдө мунай өндүрүп, сатышкан.
Ошол эле учурда компаниянын өкүлдөрү мыйзам бузуулар менен өндүрүлгөн мунай затты зыяндуу химиялык заттарды колдонуу менен Майлуу-Суу шаарынын аймагында кол өнөрчүлүк менен иштетип, андан кийин жер кыртышынын түшүмдүү катмарына төгүлгөн. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө экологиялык жана экономикалык зыян келтирилген.
Ошондой эле, мунай өндүрүү объекттеринде экологиялык көзөмөл кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө экологиялык, өндүрүштүк жана техникалык коопсуздук жаатындагы көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган.
Аталган ишканалардын чыныгы ээси Кытай Эл Республикасынын жараны «Ж.Д.Ф.» аныкталып, ал ИИМдин тергөө абагына камакка алынды. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп, бир катар зарыл экспертизалар дайындалды.