
Талас ОИИБинин жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Марлис Асанов Талас облусунун райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүн толук кыдырып чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билиришти.Бөлүмдөрдө өздүк курам иштөө шарттары, материалдык-техникалык абалы, кызматкерлердин абалы менен жеринен таанышып келди. Ар бир бөлүмдүн жайгашкан жерине жараша көйгөйүн, кемчиликтерин жетекчилиги менен биргеликте талкууга алынды.
Өздүк курамга кылмыштын бетин ачуу багытында, мал уурулук, өспүрүмдөр арасындагы болуп жаткан терс көрүнүштөр боюнча бир нече сунуштарды айтып, аларды аткарууга мүмкүн болгон күч-аракеттерди жумшоону айтты.
«Жарандардын укугун коргоодо жоопкерчиликти сезе билүү маанилүү, себеби милицияга ар бир адам көйгөйү, арыз муңу менен, керек болсо көз жашы менен келет. Кандай гана кайрылуу болбосун ар бирине кылдаттык менен мамиле жасап, маселени обьективдүү карап чечилишине ыкчам аракеттер жүргүзүлсүн”, -деди Асанов.Жаңы жетекчи бир апта ичинде Казакстан Республикасы менен чектеш жайгашкан Манас районунан баштап Талас районунун Чат-Базар айылдык милиция бөлүмчөсүнө чейин толугу менен кыдырып таанышып чыкт