7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Даниэл Ажиевден 500 миң доллар алынды

609

Вебкам-студиялардын трансулуттук тармагын уюштурган делип камакка алынган Даниэл Ажиевдин мыйзамсыз ишмердүүлүктөн тапкан 500 миң доллары алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө чекистер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген. Анын кирешеси айына 300 миң долларды түзүп келген.

«Кылмыш иши боюнча аталган топтун сегиз мүчөсү жоопкерчиликке тартылган, анын алтоо кармалып (арасында Ажиев да бар), экөөнө издөө жарыяланды. Айыпталуучунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн тапкан активдери изделип жаткан маалда Ажиев баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып 500 миң доллар сунуштаган. Натыйжада жубайындагы аталган сумма мыйзам чегинде алынды. Мындан улам Ажиев демөөрчүлүк иретинде өлкө бюджетине 44 миллион сом которду деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп берилет маалыматта.

Мындан тышкары, Ажиевдин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү алынган, анын ичинде кымбат баалуу автомашиналар жана батирлер бар.

«Ажиевге байланыштуу кылмыш иши жыйынтыкталууда, айыптоо актысы бекитилгенден кийин сотко жөнөтүлүп, иш карала баштайт», -дешти УКМКдан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

610