7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

15 жаштагы кызга нике кыйган имам кармалды

572

Ысык-Ата районунда жашы жете элек кызга нике кыйганды үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын тургуну 2002-жылы туулган Н.Ш. аттуу жаран 2008-жылы туулган С.Н. аттуу жаш өспүрүмгө үйлөнүп, алардын никесин 1971-жылы туулган имам кыйгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда имам жана 21 жаштагы бала аталган кылмыш ишине шектүү катарында кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573