
Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 22 адамдан аныкталса, 31 бейтап илдетти жеңип чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын ичинен:
Бишкек — 9
Ош — 0
Чүй облусу – 4
Ош облусу — 0
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу — 0
Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 86 миң 251ге жетти.

Сутка ичинде илдеттинен 31 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты:
Бишкек – 14
Ош шаары – 0
Чүй облусу – 14
Ош облусу – 2
Талас облусу – 0
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 0
Жалал-Абад облусу – 0
Баткен облусу – 0
Муну менен өлкөдө илдеттен айыккандардын жалпы саны 83 миң 210го жетти.

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгон эки бейтап тең Бишкек шаарында катталган.
Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 466га жетти.