«Кыргызстан аэропорттору» ААКсы «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоого жана жаңы «Жалал-Абад» аэропортун курууга 770 млн доллар жумшалганы тууралуу маалыматты четке какты.
Компаниянын маалыматына ылайык, «Манас» аэропортун жаңылоого алдын ала 130 млн доллар, ал эми жаңы «Жалал-Абад» аэропортун курууга учуп-конуу тилкесин эсепке албаганда, болжол менен 60 млн доллар каралган.
Долбоорлор толук аяктап, акыркы эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин да жалпы чыгым 770 млн долларга жетпейт.



