7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

468

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков.

 

469