Степное айылында жайгашкан № 2 аялдар абагында “Алтын күз” аталышындагы сынак болуп өттү. Аталган мекемеде учурда 183 аял жазасын өтөп жаткан учуру. Алар ар кандай кылмыштуулук менен соттолгондор.
Майрамга атайын чакырылган ырчылар жана маданият өкүлдөрү катышып, жеңген командага белектер тапшырылды. Бул майрам аялдардын жаратылышка болгон сүйүүсүн арттырып, достук сезимин жана өз ара жардамдашуу аркылуу ынтымакты күчөтөт.