Бүгүн, 2-ноябрда дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Азия чемпионаттарында 5 жолку алтын медалдын, ондогон күмүш жана коло медалдардын ээси Айсулуу Тыныбекова Нарын жергесине иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн билдиришти.
Теңир Тоонун сыймыктуу кызынын кичи мекенине болгон иш сапарын Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов уюштуруп, майрамдык маанайда тосуп алды. Айсулуу Тыныбекованын жаштарды билим алууга, ийгиликке жетүүгө, сергек жашоого шыктандыруу максатындагы иш сапары Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жаштар менен жолугушуудан башталды.
Жолугушуу учурунда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов анын ийгиликтерин сыймыктануу менен белгилеп, буюрса Кочкор районуна президентибиздин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын колдоосу менен Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борборун ачып берүү аракеттери жүрүп жаткандыгын жана мындай мектептер өлкөбүздүн бардык аймактарында ачылышы зарылдыгын билдирди.
Ошондой эле балбан кызга Нарын облусунун элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, “Нарын даңкы” жана “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы да ыйгарылды.
Тыныбекова өз сөзүндө Кыргызстанда төрөлгөнүнө жана ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк тапканына бактылуу экендигин билдирип, жаштарды билим алууга, чоң максаттарды коюп, ошол багыт менен эч нерсеге карабай тынбай аракеттенүүгө чакырды. Салтанаттуу иш чарадан кийин Борбордук Азия Университетинин кампусу менен таанышып чыкты. Андан соң облус жетекчиси Алтынбек Эргешов менен чай үстүндө баарлашты.
Дүйнө чемпиону бүгүн Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде Нарын шаарынын жана Нарын районунун мектеп окуучулары, спортко кызыккан жаштар менен жолугушат. “Газпром балдарга” спорт комплексинде мастер-класс көрсөтүп, өзүнүн ийгиликтери менен бөлүшөт.
Айсулуу Тыныбекованын иш сапары эртеңден баштап Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунда улантылат.