Прокурор эне-балдарды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашираливди өмүр бою эркинен ажыратууну сурады. Мүлкүн конфискациялап, өзүн өзгөчө тартиптеги колонияга киргизүү зарыл деп эсептейт.
Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, ал Алтынай Канзамановага 9 жолу бычак сайган. Экөөнүн ортосунда бала бар экенин мыйзамдуу аялы билген эмес.
“Маркум экөөнүн ортосунда акча аласа-бересеси болгон. Ханзаманова Аширалиевге гана эмес, тааныштарына да акча берип жүргөн. Аудиодо Ханзаманова “аялыңа айтам” дегенде Аширалиев «доиграешься» дегени бар. Мына, максатына жетти”, — деди прокурор.
Жабырлануучулардын адвокаты дагы айыпталуучуну өмүр бою кесүүнү сурап, 4 млн 600 миң сом компенсация өндүрүп берүүнү талап кылды.
Булак: Спутник