7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

627

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз элинин атынан Режеп Тайып Эрдоганды жана боордош түрк элин Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.

Президент эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстан Түркия менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө артыкчылыктуу көңүл бурууда.

Өз кезегинде Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган эки тараптуу мамилелердин алдыга умтулган өнүгүү динамикасына канааттануусун билдирип, аларды мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча байланыштарды тереңдетүү үчүн жогорку саясий деңгээлдеги активдүү диалогду улантууга макулдашты.

628