7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде заманбап мал базары курулду

600

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жаңы муниципалдык мал базары курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, базар 22,8 млн сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Бул жайда мал алуучулар жана сатуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.

«Кирген мал жандыктарына тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынат. Базар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот», — деп айтылат маалыматта.

Учурда базардын айланасы тосулган, атайын административдик имараты, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлары, бастырмалар курулуп бүттү.

601