7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жаран кармалды

794

Москвада массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга, басып алууга чакырыктарды жарыялаган фейсбуктун активдүү колдонуучусу, 1986-жылы туулган Кыргызстандык жаран “К.Н.К.” мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жаран Россиянын аймагынан кармалып, Кыргызстандын аймагына алып келинди.

Соттун санкциясынын негизинде ал 20-ноябрга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.

795