7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ала-Арча” резиденциясында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны башталды

461

Бүгүн, 17-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-пленардык жыйыны башталды. Бул тууралуу парламенттен билдирди.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги жыйындарына Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин Төрагасы Рустами Эмомали жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Рубен Рубинян катышууда.

Мындан тышкары, жыйынга КМШ ПАА мүчө мамлекеттердин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана эксперттер келишкен.

КМШ ПААнын 56-пленардык отурумунда экология, коопсуздук жана укук жаатындагы бир катар моделдик мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылууда. Ошондой эле Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде орус тилинин улуттар аралык баарлашуунун тили катары ролун талкуулашат.

Белгилей кетсек, Ассамблеянын күзгү сессиясы төрага Нурланбек Шакиевдин сунушу менен Кыргызстанда өтүп жатат.

462