7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Кара-Балтадагы Балдар чыгармачылык үйүндө болду

534

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Балдар чыгармачылык үйүндө болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында УКМКнын башчысы аталган борбордун жетекчилиги менен жолугушту.

Өз кезегинде атайын кызматтын башчысына студенттердин колунан жаралган ар кандай чыгармалар тартууланып, ошондой эле музыкалык аспапта комузда ойногон музыкалык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү, жана көптөгөн таланттуу балдар райондук, облустук, республикалык ар кандай кароо-сынактарга катышып байгелерге жана ардактуу орундарга ээ болуп келе жатышкандыгы айтылды.

Өз кезегинде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Балдар чыгармачылык үйүнө окуучулар үчүн компьютердик класс ачуу, жаңы комуз, интерактивдүү доска жана бул борбор үчүн эмерек сатып алуу түрүндө жардам көрсөтүп, дагы да келечекте бул борборго дагы керектүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.

535