7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

168

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында Сыдык Айтматов атындагы мектеп курулууда. Билим уясы 500 орунга ылайыкташкан. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Типтүү мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржалынууда — 133 млн сом. Курулуш иштери учурда 40% бүттү. Билим берүү мекемесин 2024-жылы пайдаланууга берүү пландалган. Аталган мектептин эски имараты жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.

Белгилей кетсек, 2023-жыл ичинде Баткен облусунда жалпы 24 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп түзөө иштерин бүткөрүү пландалган. Бүгүнкү күнгө чейин анын ичинен 7 мектеп пайдаланууга берилди.

Учурда республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан дагы 6 мектеп пайдаланууга берүү алдында турат, 7 мектептин курулушу менен 5 мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштерин, жыл соңуна чейин бүткөрүү белгиленген.

169