7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Фукусиро Нукага менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

343

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Токио шаарына (Япония) болгон расмий сапарынын алкагында Япония парламентинин өкүлдөр палатасынын Спикери Фукусиро Нукага менен жолугушту. Анда парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери, ошондой эле аларды мындан ары тереңдетүү боюнча пландар талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстан жана жеке өзү үчүн бул сапар тарыхый болуп саналарын белгиледи. Сапардын алкагындагы жолугушуулар япон тарап менен мындан ары кызматташуу келечегине чоң оптимизм берет. Мамлекет башчысы парламенттер аралык байланыштар мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналаарын, аларды мындан ары өнүктүрүү зарыл экенине басым жасады. Ал Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыз мамлекет катары түзүлгөндөн бери демократиялык өнүгүүгө умтулганын өзгөчө белгиледи.

Бул контекстте президент Садыр Жапаров демократияны жана өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөө үчүн япон тарапка Кыргызстанды узак мөөнөттөн бери колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Япония парламентинин өкүлдөр палатасынын Спикери Фукусиро Нукага өткөн жылы тараптар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкенин билдирди. Ал баса белгилегендей, бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык өтө жогорку жана ишенимдүү деңгээлде өнүгүүдө.

Фукусиро Нукага Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүн канааттануу менен белгилеп, салттуу өз ара түшүнүшүү духунда парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады.

 

344