Жалал-Абад шаарында жергиликтүү криминалдык кагылышууларды уюштуруучулар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Акыркы убакта Жалал-Абад облусунун ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар көбөйүүдө. Бул мушташтар көп учурларда коомдук жайларда, денелерине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен болуп жатат.
Алар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүү менен, кээ бирлери Жалал-Абаддагы кичи райондордун кароочусу (смотрящий) деп аташып, алардын ишмердигинде белгилүү бир иерархиядагы жана структурадагы уюшкан кылмыштуу топтун белгилери байкалып, алардын катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган.
Алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 20-октябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыш ишинин алкагында, 17-ноябрда мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган лидерлер кармалды.
Алардын автоунааларын жана жашаган жерин тинтүү учурунда жашырып көтөрүп жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу куралдар, ага ок-дарылар, бет каптар, ошондой эле РПГ-5 гранатасы табылып алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда.