7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров президенттин командасын Манастын «Кырк чоросуна» салыштырды

425

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында президент Садыр Жапаровдун командасынын негизги жетишкендиги катары саясий корррупцияны демонтаждоо болгондугун айтты.

«Анын эң башкы далили – Кумтөр, ал элге кайтарылды: Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн$), Манас банк (18 млн$), Таш-Көмүрдөгү (60 млн$) завод кайтарылды. Эл аралык арбитраждык 11 иш боюнча жеңишке жеттик. Саясий коррупцияга каршы күрөштүн акыркы эпизоду уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш болду, анткени бул дагы саясий коррупциянын элементи катары саналган жана акыркы 30 жылда өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнүн шарты», — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, өлко президенти мамлекетти иретке келтирүү үчүн Минкаб төрагасы менен анын орун басарлары ортосунда милдеттерди так бөлүштүргөн. Тактап айтканда, өлкөнүн экономикалык блогуна – Министрлер кабинетинин төрагасы, ал эми күч блогуна Камчыбек Ташиев жоопкерчилик алган.

«Азыр Министрлер кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүктөр жок. Биздин темпке чыдабагандар же мурдагыдай жүрө берсе болот дегендер өздөрү эле жолдон түшүп калып жатат. Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда келишпеген бир да маселе жок», — деди Минкаб башчысы.

Мындан тышкары, ал мыйзам чыгаруунун күн тартибин колдогон депутаттык корпуска ыраазычылык билдирип, президенттин командасын Манастын «Кырк чоросуна» салыштырды.

426